• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда 1177 га жерге экме токой отургузулду

Коом 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 1177 гектар жерге экме токой отургузулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Токой кызматынан директору Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, Токой кызматынын буйругуна ылайык, жыл башында токой чарбаларга 1130 га жерге токой отургузуу тапшырмасы берилген, натыйжада 1177 га жерге токой отургузулуп, план 104%га аткарылды. Анын ичинен:

- мамлекеттик токой фондусунун жерине 1117 га;

- мамлекеттик токой фондусунан тышкары жерлерге 60 га.

“Кийинки жылдарга көчөттөрдү өстүрүүнү камсыздоо максатында токой чарбалардын үрөн себүү бөлүмдөрүндө 10,6 га аянтка 16 миң 579 кг бак-дарактардын жана бадалдардын үрөндөрүнүн 42 түрү себилди”, - деди ал.

Мусаев белгилегендей, экме токойлорго жана жашылдандыруу иштерине отургузуу үчүн көчөттөр менен камсыз кылуу максатында токой чарбалардын көчөтканаларынын мектепче бөлүмүндө 13,69 га аянт жерге 1714 миң даана көчөттөрдүн жана калемчелердин 35 түрү отургузулду, анын ичинен:

- себилме көчөттөр (сеянцы) – 301,2 миң даана;

- калемчелер – 1 412,8 миң даана.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө токойлор Кыргызстандын аймагынын 1 млн 253,8 миң гектарын ээлейт. Ал эми токой чарбасында 1496 адам иштейт. Алардын негизги милдети токой аянттарын коргоо жана көбөйтүү.

Пикир

Оставить комментарий