• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

"Бишкекжарык" ишканасына кызматкерлер талап кылынат

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы кызматкерлерди издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:

Манипулятор жүк ташуучу унаанын айдоочусу:

  • 18 жашка толгон КР жараны;
  • В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүгү, 2 жылдан кем эмес стажы;
  • атайын техникага уруксат;
  • жаман адаттары жок;
  • так жана жоопкерчиликтүү.

Мини-экскаватор атайын техникасынын айдоочусу:

  • 18 жашка толгон КР жараны;
  • В-С категориясындагы айдоочунун күбөлүгү, 2 жылдан кем эмес стажы;
  • атайын техникага уруксат;
  • жаман адаттары жок;
  • так жана жоопкерчиликтүү.

"Иш издеген жарандын жанында резюмеси болушу шарт. Аңгемелешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бөкөнбаев көчөсү, 232 дареги боюнча өтөт. Кенериээк маалымат үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: 0312 65 08 15, 07 35 40 91", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий