• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Бивол менен Бетербиевдин бүйүр кызыткан беттешине саналуу гана сааттар калды

Спорт 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. 13-октябрга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 03:30да мушкерлер Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев дүйнөнүн абсолюттук чемпиону титулу үчүн күч сынашат.

Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Падышалык аренада профессионалдык бокстун чоң беттеши орун алат. Таймаш 12 раунддан туруп, ар бири 3 мүнөткө созулат.

Буга чейин Top Rank промоутерлик компаниянын жетекчиси Боб Арум беттешке катышкандыгы үчүн мушкерлердин ар бирине кепилденген төлөм 10 млн долларды түзөрүн билдирген.

Эки мушкер үчүн бул сумма алардын карьерасындагы эң чоң киреше болуп калмакчы. “Sporty Salaries” маалымдагандай, Бивол бул беттешке чейин эң көп сумманы Сауль Альварес менен болгон беттештен алган. Анда 2 миллион доллар кепилденген жана эфирдик кирешенин 40 пайызына ээ болгон. Жыйынтыгында 3 миллион долларга жакын гонорар алган.

Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулган. Ал мушкерлер арасында 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында дүйнөдөгү эң көп медаль алган мушкер.

Бивол профессионалдык карьерасын 2014-жылы уругвайлык Хорхе Родригес Оливейра менен беттешүүдөн баштаган. 2016-жылдын май айында мушкер WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы убактылуу дүйнө чемпиону наамын алса, 2017-жылдын ноябрында Бивол титулдун толук кандуу ээси аталган.

Ал эми Артур Бетербиев Чеченстанда туулган. Бетербиев карьерасында 300дөн ашык беттеш өткөргөн. 2007-жылы Россиянын жарым оор салмактагы чемпиону болгон. 2012-жылы Лондон олимпиадасынын чейрек финалына чыгып, Александр Усиктен жеңилип калган. Ошондон кийин ал профессионалдык бокска чыгып, бир да жолу жеңилген эмес.

Пикир

Оставить комментарий