• 87
  • 90.41
  • 0.84

Биз коронавирусту тартип менен жеңе аларыбызды түшүнүшүбүз керек – дарыгер Осмоналиев

COVID - 19 0

Кыргызстанга коронавирус келгенден бери дарыгерлер күн-түн дебей иштеп, коронавирус менен күрөшүүдө. Бүгүн биз Чүй облусунун райондук ооруканаларынын биринин дарыгери Эркин Осмоналиев менен маек курдук. Ал коронавирус жуктурган бейтаптар дарыланган ооруканалардагы абал тууралуу айтып берди.

“18 жылдан бери саламаттык сактоо тармагында иштеп, ооруканага пневмония менен көп сандагы адам кайрылганын көргөн эмесмин. Эмнегедир көпчүлүк бейтаптардын ПЧР-анализдери оору жок деп көрсөтүп жатат. Бирок пульмонолог Талант Сооронбаев айткандай, азыр сасык тумоо же КРВИ жок, ал коронавирус. Ошентсе да биз ал тууралуу ойлонбой, аларды пневмония менен ооруган бейтап катары кабыл алып жатабыз. Бирок азыр андай бейтаптар көп болуп жатат”, - дейт ал.

Эркин Осмоналиев пандемия башталган бери тыным албай иштеп жаткандарын айтат. Ал алгачкы 15 күндө стационарда коронавирус менен келген бейтаптарды карап иштеген. Андан кийин обсервацияга жаткан. Андан соң Саламаттык сактоо министрлиги аны обсервация катары түзүлгөн “Ак-Кеме” мейманканасына башкаруучу кылып жөнөткөн.

“Биз, медицина кызматкерлери дем алышсыз жана майрамдарсыз иштеп жатабыз. Эс алууга чыгуу тууралуу ойлонгон да жокпуз. Бирок чарчадым, эс алгым келип жүрөт”, - дейт ал.

Осмоналиев пандемиянын айынан үй-бүлөсүн көпкө чейин көрбөй калып жатканын айтат.

“Үйдө беш кишибиз. Мен, жубайым, апам жана эки балам. Азыр үйдө мен иштеп жатам. Жубайым декретте. Кудайга шүгүр, бир уулум Кореяда окуйт. Ал жактан келбей, ошол жакта калды. Үйдөгүлөр мен үчүн сарсанаа болуп, сагынып жатышат. Бирок айла жок, жумуш деген жумуш экен. Эсимде ушул жылдын февраль айында аялым экөөбүз катуу ооруганбыз. Балким ошондо эле коронавирус менен ооруп бүтсөк керек. Бирок аны кадимки КРВИ деп ойлоп, текшерилип, анализ тапшырган эмеспиз. Андан кийин биз коронавируска 3 жолу анализ тапшырып, Кудайга шүгүр анын жыйынтыктары таза чыкты”, - деди ал.

Дарыгердин айтымында, коронавирус жуктурган бейтаптар менен байланышта болгондуктан алар мезгил-мезгили менен коронавируска текшерилип турушат.

“Жакында эле Сокулуктагы ооруканада дарыланууда жатып, каза болгон бир бейтапты жерге бердик. Эми биз кайра коронавируска анализ тапшырабыз. Себеби биз ал жана анын үй-бүлөсү менен байланышта болгонбуз. Азыркы учурда ар бир медицина кызматкери – дарыгерби, медайымбы же техникалык персоналбы өз өмүрүн тобокелге салып жатат. Албетте өзүбүздүн жана туугандарыбыздын коопсуздугу үчүн арыз жазып, жумуштан кетип калсак болмок, бирок биз анте албайбыз. Ичибиздеги кандайдыр бир сезим ага жол бербей жатат. Биз – дарыгербиз, бейтаптар биздин жардамга муктаж”, - дейт Осмоналиев.

Осмоналиев белгилегендей, кайсы оору менен ооруганына карабай адамдын психолоиялык маанайы анын жалпы ден соолугуна таасирин тийгизет.

“Көп учурда биздин ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарда көңүл коштук сезими (апатия) байкалат. Бардык нерсеге көңүл кош болуп калышат. Биринчи учурда коркуу сезими болуп, андан кийин оору күчөй баштаганда көңүл коштук (апатия) сезими пайда болот. Психологиялык маанай адамдын жалпы ден соолугуна таасирин тийгизет. Биздин организмди баш мээ жөнгө салат. Эгер мээ жаман нерселерди ойлосо, адамда ички органдар ооруп, невроз, стресс пайда болот. Стресс иммунитетти түшүрүп, адам ар түрдүү ооруларга, биринчи кезекте тумоо ооруларына туруштук бере албай калат. Маселен, эгер адам оптимист болуп, жашоого жакшы жагынан караса, ал адамда эндорфиндер иштелип чыгып, иммунитети көтөрүлөт. Албетте табияттан баарбыз ар кандайбыз – бирөө меланхолик, башкасы флегматик, дагы бири холерик. Бирок ага карабай ар бир адам депрессияга түшпөй, тескерисинче жакшыдан үмүт кылып, маанайды түшүрбөш керек. Ошондо анын организми оору менен күрөшөт”, - деди ал.

Осмоналиев оорунун жайылышын токтотуу жана аны жеңүү үчүн ар бир жаран жоопкерчиликтүү болуу керектигин айтат.

“Акыркы мезгилде коронавирус менен байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп жатканын көрүп жатабыз. Күн сайын ооруну жуктургандардын саны көбөйүп жатат. Ал текшерүүнүн жыйынтыгында алынган расмий маалыматтар. Бирок канча адам ооруканага кайрылган жок жана текшериле элек. Орууну кайдан жуктуруп алганы белгисиз болгон учурлар көп боло баштады: коомдук транспортко түшкөн, базарга, соода борборуна же эл чогулган башка жерлерге барган жана ооруну кайдан жуктурганы белгисиз. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-гигиеналык эрежелерди аткарууну, беткап тагынууну, мүмкүнчүлүк болсо эл чогулган жерлерден алыс болууну, антисептикалык каражаттарды колдонууну, үйдү желдетип турууну күн сайын эскертүүдө ж.б. Биз ооруну тартип менен жеңе аларыбызды түшүнүшүбүз керек. Ар бир жаран өзүнүн гана эмес, ата-энесинин жана балдарынын ден соолугу үчүн жоопкерчиликтүү болушу зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий