• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протокол колдонула баштады

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протокол колдонула баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча төртүнчү клиникалык протокол Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген.

"Төртүнчү протоколго эл аралык тажрыйба, алдыңкы илимий иштерге негизделген дарылоо ыкмалары киргизилди. Анда көп багыттар боюнча кеңештер, дарылоо ыкмалары камтылган. Маселен, анда ооруканада жаткан, үй шартында болгон бейтаптарды, кошумча оорулары болгондорду, балдарды кантип дарылоо керектиги жазылган. Ошондой эле реабилитация боюнча өзүнчө бөлүм бар", - деп, ал учурда дарыгерлер төртүнчү протокол боюнча окутулуп жатканын жана дарылоо төртүнчү протоколго ылайык жүргүзүлө баштаганын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий