Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.
Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө маморгандардын ишиндеги башкы максат – бул өнүккөн жана көз карандысыз мамлекетти куруу.
“Бул максатка жетүү үчүн жол тайгак жана оор болот. Коомчулукта тынчтыкты жана ынтымакты сактоо жана өлкөдөгү саясий туруктуулук өнүгүүнүн пайдубалы болуп саналат”, - деп билдирди мамлекет башчысы.
Пикир
Оставить комментарий