• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Бизнестин көмүскөдөн чыгышы салык төлөмдөрдүн туруктуу өсүшүн камсыздады - Данияр Амангелдиев

Экономика 0

Бишкек, 11.12.24. / Кабар/. КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев журналисттер менен жолугушууда бизнестин көмүскөдөн чыгышы салык төлөмдөрүнүн туруктуу өсүшүн камсыз кылганын билдирди.

“Биз көптөгөн долбоорлорду ачып жатабыз. Бүгүнкү күндө салык төлөмдөрүнүн туруктуу өсүшү байкалууда. Эч кандай жаңы салыктар киргизилген жок. Көмүскөдөгү кирешелердин ачыкталышынын эсебинен көбөйдү. Бул экономиканын ачык-айкын боло баштаганынын көрсөткүчү. Салык төлөө - ар бир адамдын милдети. Кошумча нарк салыгы алынышы керек", - деди Амангелдиев.


Анын айтымында, 2025-жылдын 1-январынан тартып салык кодексинин жаңы редакциясы киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий