• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

"Боинг 737 MAX" учактарынын программалык директору отставкага кетет

Дүйнө 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. "Боинг 737 MAX" учактарын чыгаруу программасынын башчысы, Boeing компаниясынын вице-президенти Эрик Линдблад отставкага кетет. Бул тууралуу америкалык басылмалар корпорациянын коммерциялык иштер бөлүмүнүн башчысы Кевин Макалистерге таянуу менен билдиришүүдө. Анын ордуна Марк Женкс келет.

Линдбладдын отставкага кетүүсүнө "Боинг 737 MAX" үлгүсүндөгү эки учактын кыйрашы себеп болду. Авиакатастрофалардан 300дөн ашуун киши мерт болгон. Мындан кийин бул үлгүдөгү учактар учууларын токтоткон. Лайнерлердин кыйрашына программалык камсыздоодо катачылыктардын кеткени себеп болгону айтылууда. Корпорация кемчиликтер жоюлганын ырастоодо.

400дөн ашуун учкуч “Боингди” сотко берди. Алар"Боинг 737 MAX" учагындагы алешемдиктер жашырылганы үчүн миллиондогон компенсация талап кылышууда.

Бул учактардын учуусуна тыюу салуу компанияны бир миллиард доллар чыгашага кептеди.

Линдблад Boeing компаниясында 34 жыл иштеген.

Пикир

Оставить комментарий