• 88.68
  • 95
  • 0.95

Абылгазиев: Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда бир катар биргелешкен долбоорлор каралган

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда биргелешип ишке ашыра турган бир катар келечектүү долбоорлор каралган, - деп билдирди Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берип жатып.

Өкмөт башчы өлкөлөр ортосундагы өз ара кызматташуу динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгын билдирип, саясий-экономикалык диалог жана бардык деңгээлде байланыш колдоого алынып жаткандыгын кошумчалады. Мунун бардыгы стратегиялык өнөктөштүктүн жана эки өлкөнүн союздаш алакасынын жакшы экендигинен кабар берет.

"Бүгүн биз эки тараптуу бардык маселелерди талкууладык. Алардын көпчүлүгү боюнча эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен бир пикирге келдик. Айрым маселелердин чечүү жолдорун да караштырдык. Өзгөчө экономика, соода-сатык, инвестиция, айыл чарба, транспорт жана байланыш тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле региондо суу-энергетика ресурстарын кеңири колдонуу маселелерине көңүл бурдук", - деп билдирди Абылгазиев.

КРнын премьер-министри билдиргендей, Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. КРнын тышкы экономикалык өнөктөштөрүнүн арасында сооданын көлөмү боюнча үчүнчү орунда турат. 2018-жылы эки тараптуу товар жүргүртүүнүн көлөмү 843 млн. АКШ долларын түзгөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 7%га жогору. Бул жакшы көрсөткүч.

"Биргелешип ишке ашыра турган бир катар келечектүү долбоорлор каралган. Ошондой эле чек ара, автожолдорду куруу, көпүрө салуу, чек арадагы көзөмөл өткөрмө жайларынын ишин жакшыртуу маселесин карадык. Баардык маселелер боюнча чечүү жолдорун таптык. Маданият тармагы да унутта калган жок. Бул багытта да кызматташтыкты тереңдетүү керек деген жыйынтыкка келдик", - деп билдирди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий