Бишкек, 19.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жарым финалына чыкты.
Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.
Акжол Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунан баштап катышты. Алгачкы атаандашы грузиялык Бека Мамукашвилини Махмудов 5:1 эсебинде утуп алды. Ал эми мелдештин 1/8 финалында болгариялык балбанды эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөттөн мурда жеңишти камсыздады.
Чейрек финалда Махмудов сербиялык атаандашына мүмкүнчүлүк бербестен 7:0 эсебинде артта калтырды.
Буга чейин Балбай Дордоков Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Тынар Шаршенбеков коло байгеге татыган.
Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.
Пикир
Оставить комментарий