• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

КР спортчулары Россияда таэквондо боюнча мелдеште ийгиликтерге жетишти

Спорт 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар “Түштүк Пальмира кубогу” ITF таэквондо боюнча эл аралык мелдеште 12 медаль утушту. Бул тууралуу КРнын ITF таэквондо федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 26-мартта оссиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп, ага 10 өлкөдөн, анын ичинде Армения, Беларусь, Кыргызстан, Латвия, Казакстан жана Өзбекстандан 600 спортчу катышты.

Мелдешке Кыргызстандан 14 спортчу катышып, алар 4 алтын, 3 күмүш, 5 коло медаль утуп алышты.

Пикир

Оставить комментарий