• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандык спортчулар жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеште эки медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеште эки медаль багындырышты. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 31-январда Абу-Даби (БАЭ) шаарында өттү.

Көк кур тагынган Акбар Кудайбергенов (62 кг) чоңдор арасындагы таймашка катышып, Ирак, Пакистан жана Египеттин спортчуларын жеңип алды. Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык спортчу алтын медаль тагынды.

Кара кур тагынган Муртазали Муртазалиев 85 кг чейинки салмакта күчүн сынап, күмүш медалдын ээси болду. Анын каршылаштары бразилиялык спортчулар болуп, ал Антонио Инасиону жеңип, бирок Хулио Жуниоруга утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий