• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Т.Акунга митингде тартип бузгандыгы үчүн 1,5 миң сом айып салынды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы омбудсмени Турсунбек Акунду сот Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жанындагы митинг учурунда тартип бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Т.Акунга 1,5 миң сом көлөмүндө административдик айып салынды. Өкүмдү Бишкек шаардык 1-Май райондук соту чыгарды.

Эскерте кетсек, 25-мартта Бишкекте мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Анын жыйынтыгында 105 адам кармалып, анын ичинен 64 адам камалып, 12 адамга айып салынган, калгандары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2017-жылы 25-мартта жаран Садыр Жапаров КРнын кылмыш кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелеринде (өлүм менен коркутуу, барымтага алуу, ээнбаштык, бийлик өкүлүн кыйноо) каралган кылмыш белгиси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКга жеткирилген.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, 2017-жылы 26-мартта Бишкек шаардык 1-Май райондук соту аны тергөөнүн аягына чейин камоодо кармоо өкүмүн чыгарган.

Сот аны Бишкек шаардык СИЗО-1де кармоого өкүм кылган.

Кыргызстанга келгенге чейин С.Жапаров Кипрде жашаган.

Пикир

Оставить комментарий