• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

ӨКМ башчысы Майлуу-Суудагы мурдагы уран өндүргөн объекттерди көрүп чыкты

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Европа комиссиясынын делегациясы менен биргеликте Майлуу-Суу шаарында жайгашкан мурдагы уран өндүргөн объектилерди көрүп чыгышты.

Ведомстводон билдиришкендей, делегаттар иш сапар учурунда Европа банкы тарабынан каржылоого алынып, ӨКМ тарабынан аткарылып жаткан жумуштар менен таанышты.

Майлуу-Суу шаары кезегинде ири уран казуучу борбор болгондугуна карабастан, 1968-жылы өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Бирок борбордун артында 23 радиоактивдүү калдык сактоочу жана 13 тоо-кен калдыктары көмүлгөн жай калган. Ошол убакыттан бери аталган жер адам өмүрүнө жана аймактын экологиясына коркунуч жаратып келген.

Белгиленгендей, соңку жылдары Кыргызстан кооптуу объектилерди турукташтырууда өзгөчө маани берүүдө. Европа биримдиги Кыргызстанга уран калдыктарын сактоочу жайларды калыбына келтирүү иштерине колдоо көрсөтүү үчүн 40 млн евродон ашык каражат бөлдү. Мындай колдоо экологиялык жана санитардык коркунучтарды жоюудагы маанилүү кадам болуп калмакчы.

Бул иш-чаралар жергиликтүү элдин жана коңшу өлкөлөрдүн саламаттыгын, аны менен катар эле экологиялык абалды жакшыртууну камсыздоого өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий