Боом капчыгайында беш күн катары менен таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана билдиргендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында 15-19-май күндөрү жүргүзүлөт.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан аталган күндөрү саат 09:00 - 15:00 чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат. Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий