• 89.43
  • 97.22
  • 0.97

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылат

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Боом капчыгайында 7-июндан 11-июнга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий