“Манас аэропорту” ААКы 3 жетим баланын окуу акысын төлөп, бүтүргөн соң аларды аэропортко ишке алат

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. “Манас эл аралык аэропорту” ААКы Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатынын 3 бүтүрүүчүсүн окуу жагынан демөөрчүлүккө алды. Бул тууралуу “МЭА” ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев кечээ, 3-июнда аталган мектеп-интернаттын балдары менен жолугушуусунда билдирди.

“МЭА” ААК башкармалыгынын төрагасы Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте мектеп-интернаттын авиация жагынан билим алгысы келген үч бүтүрүүчүсүн тандап алышарын, андан соң компания алардын И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда окуусун төлөп берүүгө даяр экендигин, ал жактан балдар техникалык билимге ээ болуп, андан соң аэропортко ишке алынарын билдирди.

Ага улай Бакыт Шаршеев жетим балдарга кам-көрүү жана аларды ишке орноштуруу КР президенти Садыр Жапаровдун приоритеттүү программаларынын бири экендигин жана “Манас” аэропортунун жетекчилигинин бул чечими башка компанияларга да үлгү болооруна үмүттөнөрүн айтты.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева “МЭА” ААКнын бул идеясын колдоорун билдирди.

“Жетимбалдарга кам көрүү - чындыгында олуттуу социалдык маселе. Аны мамлекеттик органдар жана кайдыгер карабаган коом өкүлдөрүнүн жардамы менен чечүү-биздин башкы максатыбыз. “Манас аэропорту” ААК менен биргеликте жетим балдар үчүн жакшы ийгиликтерге жетишебиз деп үмүттөнөм” , - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий