• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Боом капчыгайында 5-апрелден 9-апрелге чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымдарында жана темир жолдун 3885-3886-чакырымдарында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий