• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-октябрдан тарта 15-ноябрга чейин (аба ырайынын шарттарына карата) Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайынын 129,131,132-чакырымында (темир жолдун 3899, 3901, 3902- чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

"Таштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат", - деп белгилешти ишканадан.

Иш-чара сел жана таш кулоо түрүндөгү кооптуу факторлордун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий