Бишкек, 31.07.22./Кабар/. Үч дубанды бириктирүүчү Боом капчыгайында бүгүн, 31-июлда саат 10:02де жол каттамдары эки тараптуу ачылды. Ошондой эле болжол менен 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Эске салсак, кечээ нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 128-129-чакырым аралыгында жана 131-чакырымында эки жерде сел жүрүп, Балыкчы – Бишкек каттамы убактылуу жабылган.
Үзгүлтүксүз тазалоодон улам бир тараптуу ачылган жолдон кезектешип эки тарапка тактап айтканда, Бишкек – Балыкчы – Нарын жана Балыкчы – Нарын – Бишкек каттамына кезек-кезеги менен автоунаалар өткөрүлүп келген.
Табигый кырсык катталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору, куткаручуулар, адистер жана офицерлер иш алып барды.
Пикир
Оставить комментарий