• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги азык-түлүк сакталган кампадан чыккан ири өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. Бишкектеги Мурманск жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кампадан чыккан өрт саат 20:10до толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, өрт-өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында 450 тонна жер семирткич, 300 тонна тамак-аш тузу, 80 тонна өсүмдүк майы, 30 тонна гречка, 10 тонна күрүч сакталып калган.

Өрттүн болжолдуу аянты 1500-1800 чарчы метрди түзөт. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Жалынды өчүрүүгө 7 бөлүм, 10 өрт-өчүрүүчү унаа, ӨКМдин 40, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 3 кызматкери тартылган.

Ошондой эле ИИМдин 60 кызматкери, Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынан 2, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа тартылды.

Пикир

Оставить комментарий