• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Боору алмаштырылган биринчи бейтаптын донору бүгүн ооруканадан чыгат – министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Боору алмаштырылган биринчи бейтаптын донору бүгүн ооруканадан чыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жасалган.

Операция 8-9 саатка созулуп, ага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жетекчилиги астында кыргыз дарыгерлери жана түрк адистери катышкан.

Пикир

Оставить комментарий