Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин убактылуу Улукбек Кулукеев аткарат

Ден соолук 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин функцияларын жана милдеттерин аткаруу ушул эле мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеевге убактылуу жүктөлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинин чечимине ылайык, Токтобай Маанаевдин Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин аткаруу боюнча 2023-жылдын 22-сентябрындагы №228 буйругуна өзгөртүүлөр киргизилди.

"Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 231 буйругуна ылайык, Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдеттери жаңы жетекчи дайындалганга чейин Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеевге документтерге биринчи кол коюу укугу менен жүктөлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий