• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облустук ИИББнин башчысы комада жатат. Аны арт жактан катуу бир нерсе менен урган болушу мүмкүн

Ден соолук 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Чүй облустук ИИББнин башчысы Самат Курманкулов өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, дарыгерлер ага баш сөөгүнө трепанация жасап, операция ийгиликтүү өткөн. Бирок Курманкуловдун абалы оор. Ал комада жатып, жасалма жол менен дем алууда.

"Курманкулов ооруканага жабык баш мээ жаракаты, баш мээнин чайкалышы деген диагноз менен келип түштү. Анын жаракаты көрсөткөндөй, аны арт жактан катуу нерсе менен урган болушу мүмкүн", - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын кызматтагы жоокер каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий