• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык оорусунун 2,3 учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 28.09.23./Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын башынан бери кызамык оорусунун 2 миң 316 учуру аныкталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына таянып Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча: Бишкек шаары – 660 учур, Ош шаары – 302 учур, Ош облусу – 654 учур, Баткен облусу – 93 учур, Чүй облусу – 277 учур жана Жалал-Абад облусу – 170 учур, Талас облусу – 84 учур, Ысык-Көл облусу облуста – 65 учур, Нарын облусунда – 11 учур. Оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөө менен балдарды жана чоңдорду камтуунун кыскарышы болуп саналат.

Кызамык вирусунун жүгүртүүсүн азайтуу, анын очогун локализациялоо жана андан ары жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы 18-сентябрдан башталып 29-сентябрга чейин улана турган кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясын вирустун эң активдүү жүгүртүүсү жүрүп жаткан өлкөнүн аймактарында - бул Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында, эмдөө статусуна же мурун кызамык жана кызылча ооруганына карабастан эмдөө жүргүзүлүүдө.

18-сентябрдан 26-сентябрга чейин кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө үчүн балдарды камтуу максаттуу топтун 55%ын түздү.

Пикир

Оставить комментарий