• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги Аска-Таш кире бериш комплексин жакшыртуу иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкектеги Аска-Таш кире бериш комплексин жакшыртуу иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер борбордун архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жасалууда.

"Учурда фонтан, таштанды челектерин орнотуу, бетон тосмолор, отургучтарды сырдоо жана эски брусчаткалардын ордуна асфальт төшөө иштири жүргүзүлүп, ошол эле учурда темир тосмонун сырлары жаңыланууда", - деп айтылат маалыматта.

Реконструкциялоо иштери Фучик көчөсүн бойлой Аска-Таш кире бериш комплексинен Клубный чолок көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Рыскулов көчөсүнөн Мессарош көчөсүнө чейин тротуар куруу иштери жүрүп жатат, ошондой эле ирригацияларды төшөө, бордюрларды алмаштыруу, жаңы светодиоддорду орнотуу, коомдук транспорт аялдамаларын орнотуу, жашыл аянтчаларды уюштуруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий