• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Сокулук районунда үч жыл катары менен төрөп, балдарын сатып жиберген жаш келин кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Сокулук районунда үч жыл катары менен төрөт, балдарын сатып жиберген жаш келин кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук айылынын А.А. аттуу жашоочусу милицияга арыз жазып, анда мурдагы аялы 2001-жылы туулган Д.Н. балдарын көрсөтпөй жаткандыгын билдирген.

"Аталган факт Сокулук райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Д.Н. аттуу келин 2021-жылдын 7-мартында кыз төрөп, ымыркайды Москва районунун тургунуна сатып жибергендиги аныкталган. Ошондой эле 2022-жылдын 28-апрелинде уулду болуп, аны "К" аттуу жаранга саткан, ал эми 2023-жылдын 16-мартында дагы кыз төрөп, "М" аттуу жаранга саткан", - деп билдиришти милициядан.

Аталган факт боюнча "Адам сатуу" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, Д.Н. камакка алынган.

Ал эми балдардын кайда экендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий