• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38°C түшүшү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38°C түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-10-январда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

10-11-январларда абанын температурасы төмөндөп:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -7…-12° суук,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3…-8° суук,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8° суук,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -12…-17° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -15…-20° суук,
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -16…-21° суук болушу күтүлөт.

Ал эми 12-13-январда абанын температурасы мындан ары төмөндөп:

  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° суук,
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.

Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий