Кыргызстанда "Туризм коопсуздугун чыңдоо" аталышында комплекстүү план иштелип чыгат

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында аткарылган иштер жана жайкы туристтик мезгилдеги коопсуздукту камсыздоонун жыйынтыктары жөнүндө онлайн кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр былтыр Кыргызстанга 2 млн турист келген болсо, быйыл болжолу 10 млн ашты деген маалыматтар бар экенин белгиледи.

"Мунун баарын сиздерге эмнеге айтып жатам, анткени туризм коопсуздугу убакыт өткөн сайын жакшыруу жолуна өтүшү керек. Биздин өлкөгө чет мамлекеттен келген жана жергиликтүү эс алууга чыккан адамдардын саны барган сайын өсүп жатат.

Бирок, жарандардын коопсуздугу боюнча, чындыгында бир катар орчундуу жана тез арада чечүүгө муктаж болгон көйгөйлөр бар. Эң башкысы туризмдин ар кандай түрлөрүнө жараша коопсуздук тутуму сапаттуу түзүлүшү керек. Мындай тутум, бардык коркунучтар менен тобокелдиктерди, ошондой эле жагымсыз окуяларды өз учурунда аныктоого жакшы мүмкүндүктөрдү жаратат. Эң алгач, олуттуу деп эсептелген экономикалык, экологиялык жана сервистик тейлөө багыттарындагы шарттарды түзүүгө комплекстүү иш-чаралар болушу зарыл", - деди министр.

Ниязбеков белгилегендей, себеби, өлкөнүн туристтик имиджин көтөрүү, динамикалуу темп менен өнүгүү аркылуу региондордун инфра-түзүмүн жакшыртууга жигердүү салым кошууга баарыбыз милдеттүүбүз. "Ал үчүн эс алуу аймактарында катталган кылмыштардын, окуялардын жана жол кырсыктарынын эсебин чыгарып отура бербестен, ар бириңиздер коопсуздукту бекемдөөгө басым жасаңыздар", - деп эскертти ал.

Пикир

Оставить комментарий