• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Борбор Азия квалификация жана көндүмдөр жаатындагы кызматташтыктын туруктуу сценарийлерин иштеп чыгуу үчүн биригет

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте Борбордук Азия үчүн квалификация жана көндүмдөр тармагында туруктуу кызматташтык сценарийлерин иштеп чыгууга арналган семинар өтүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билидиршкендей, иш-чара аймактагы экономикалык, саясий жана социалдык кызматташтыкты изилдөөгө багытталган DARYA долбоорунун алкагында уюштурулду.

Семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын мамлекеттик органдарынын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар региондун экономикасын өнүктүрүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон ачык жана эффективдүү квалификациялык системаны түзүү маселесин талкуулашууда.

Эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакованын айтымында, Кыргызстанда кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу билим берүү системасын жана эмгек мамилелерин реформалоо зарылдыгынан улам башталган.

"Биздин жалпы максатыбыз — жумуш берүүчүлөрдүн көндүмдөрүн жана квалификациясын түшүнүү, ошондуктан кадрларды даярдоо процесси алардын муктаждыктарына багытталат. Бүгүнкү күндө министрлик 1 077 100 адамды тейлейт, алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптыгы бар адамдар, турмуштук оор кырдаалда турган жаштар. Биз бенефициарларыбызды ишкердик жүргүзүү, бизнес-процесстерди башкаруу жана финансылык жана санариптик сабаттуулук көндүмдөрүнө үйрөтүү, ошондой эле өз жашоосун өзгөртүүгө умтулгандар үчүн финансылык инструменттерге окутууну жеткиликтүү кылуу маанилүү деп эсептейбиз", - деди Кыял Жанузакова.

Ал белгилегендей, иш берүүчүлөрдүн жумуш издөөчүлөргө болгон суроо-талаптарын жакшыраак түшүнүү үчүн ведомство эмгек рыногун изилдөө, ошондой эле жаштарды сурамжылоо боюнча изилдөө жүргүзүп жатат, анда негизги басым кош билим берүүнү жана жаштар стажировкаларын киргизүүгө жасалган.

"Бүгүн биз алдыбызга Экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы тренддерин жана келечектеги кесиптерди эске алуу менен квалификациялуу жумушчу күчүнө суроо - талапты болжолдоо системасын иштеп чыгуу, ошондой эле квалификациялардын улуттук системасын жакшыртуу милдетин коюп жатабыз", - деп белгиледи министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий