• 87
  • 90.64
  • 0.85

Бишкекте "Эр жигит" сынагынын шаардык этабы жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Бишкекте "Эр жигит" сынагынын шаардык этабы жыйынтыкталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спартакиада Улуттук гвардиянын №10128 аскер бөлүгүндө мэриянын Билим берүү башкармалыгы жана Ленин райондук аскер комиссариаты тарабынан өткөрүлдү.

Билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча спартакиада 3 этапта өтүүдө, райондук этапка Бишкек шаарынын кырк бир мектебинин командалары катышты.

Райондук мелдештин жыйынтыгы менен шаардык баскычта спартакиаданын райондук этабында 1-орунга ээ болгон № 24, 31, 62, 89 мектептеринин командалары арасында өткөрүлдү.

Мелдешке "Пантера" атайын багыттагы бригадасынын офицерлеринин ичинен түзүлгөн калыстар тобу баа берди.

Катышуучулар 7 номинация боюнча ат салышты:
- саптык даярдык (команда курамында, аскердик кийимде);
- күч көрсөтүүчү көнүгүүлөр;
- 100 метрге чуркоо;
- автоматты чачуу жана кайра куроо;
- команданын курамында 1 км чуркоо;
- алыстыкка Ф-1 машыгуу гранатасын 30 метр аралыкка ыргытуу;
- пневматикалык мылтыктан жогорку ылдамдыкта атуу.

Сынактын шаардык этабынын жыйынтыгында № 89 орто мектебинин командасы эң жогорку упай топтоп, 1-орунду ээледи жана мелдештин республикалык этабында шаардын намысын коргойт.

Пикир

Оставить комментарий