• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте өрт кырсыгы көбөйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги машыгууларды өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/ КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын тургундары үчүн машыгууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы борбор калаада өрт кырсыгы көбөйгөн.

"Өрттүн негизги себеби электр жабдууларын, жылытуучу мештерди жана морлорду пайдаланууда эреженин бузулушу, ошондой эле тамекинин калдыктарынын чачырашы болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы өрт кырсыгынан 5 адам каза болгон (2020-жылы - 3), жабыркагандар - 8 (2020-жылы - 6).

2021-жылдын тогуз айында Бишкек шаарында 406 өрт кырсыгы катталса, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 313 өрт кырсыгы катталган.

Жыл башынан бери 7 өрт-тактикалык окутуу жана 9 өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү:

- «Ош-Базары» ЖЧК базарында;
- «Кыял» базарындагы кесиптик лицей;
- Элит Строй базарында;
- «Орто-Сай» ЖЧК базарында;
- «Мурас» ЖЧК «Жунхай-Дордой» автотетиктери базарында;
- Ш.Баатыр көчөсүндөгү «Редпетролеум» май куюучу жайында;
- Ш.Баатыр көчөсүндөгү "Роснефть" май куюучу жайда;
- ЖЭБде;
- Аламүдүн базарында;
- Бишкек шаарындагы КРнын ӨКМнин аймагындагы окуу мунарасында;
- Иваницин көч., 147 дарегиндеги №27 орто мектепте;
- И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде;
- №64 мектепте.

Пикир

Оставить комментарий