• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 27-апрелден 29-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий