• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Токтогулда рейд жүрүп, үч сааттын ичинде 26 унаа айып короого токтотулду

Коом 0


Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Токтогул районунда рейд жүрүп, үч сааттын ичинде 26 унаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын атайын ротасы өлкөнүн баардык аймактарында жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана мыйзам бузууларга жол бербөө максатында рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Азыркы учурда Токтогул районунда жол кыймылынын коопсуздугун текшерүү жана көзөмөл иштери жүргүзүлүп, үч сааттын ичинде 33 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Анын ичинен:

- тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 15 айдоочу;
- уруксатсыз кошумча жабдыктап алгандар 3 айдоочу;
- терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 1 айдоочу;
- “Автоураган” аппараттык комплекси аркылуу өз убагында төлөнбөй жүргөн айып пулдары бар 14 айдоочу аныкталган.

Белгилей кетсек, ЖКККББнын атайын ротасы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылына көзөмөл жүргүзүү максатында Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Базар-Коргон, Сузак жана башка райондорунда да рейддик иш-чараларды жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий