• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы мамыларга жарнамаларды чаптабоону суранат

Коом 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери тирөөч мамыларды иретке келтирип, чапталган жарнамаларды тазалоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, башкармалыктын кызматкерлери буга чейин дагы шаардагы бардык мамыларды тазалап, сырдап, иретке келтирип келишкен.

Бирок, убакыттын өтүшү менен мамыларда кайрадан ар кандай кулактандыруулар чапталып, алардын көрүнүшүн бузууда.

Бишке мэриясы жарандардан жарнамалык брошюраларды жана жарнактарды тирөөч маамыларга чаптабоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий