• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россиянын каналдарынан Кыргызстандагы туризм тууралуу видеоролик көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы Орусиянын эки аймактык каналы: Свердлов райондук телерадиокомпаниясы жана Челябинск облустук телекөрсөтүүсү менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшту. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

"Ысык-Көлдө туризм тууралуу ар кандай видеороликтерди тартабыз, орустар өз телеканалдарынан көрсөтөт", - дейт Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясынын директору Гүлнура Баякунова.

Жалпысынан Кыргызстанга россиялык маалымат каражаттарынын 17 өкүлү келди. Алар үчүн Ысык-Көлдүн кооз жерлерине пресс-тур уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий