• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Бишкек шаарына инвестиция кыл” аттуу инвестордун маалымдамасы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги “Бишкек шаарына инвестиция кыл” аттуу инвестордун маалымдамасын иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, инвестордун маалымдамасы бөлүмдөргө бөлүнүп, анда негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, чет өлкөлүк түз инвестиция боюнча көрсөткүчтөр, Бишкек шаарында бизнести алып баруу, инвестициялык климат ж.б. чагылдырылган.

"Ошол эле учурда “Бишкек шаарына сунушталган инвестициялык долбоорлор” аттуу өзүнчө сунушталган бөлүм өзгөчө көңүлдү бурат. Бул долбоорлорду азыркы учурда Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги ишке ашыруу үчүн кабыл алды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, ар бир долбоор Бишкек шаарынын белгиленген, атап айтканда, транспорт, экология, унаа токтотуучу жайлар, тиричилик жана тамак-аш калдыктар чөйрөлөрүн, бизнес-борборун жана “Бишкек-сити” эл аралык ишкер борборун куруу, темир жол менен бирге Бишкек шаарынын борборуна жаңы магистралын куруу жана ТЭЦ-2нин ишин калыбына келтирүү милдеттерин чечүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий