• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандын эки ишканасына Россияга балык экспорттоого уруксат берилди

Коом 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын эки ишканасына Россияга балык экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан "Аква Пром" ЖЧК жана "Тянь-Шань-Фиш" ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү.

"2023-жылдын 27-апрелиндеги РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын катына ылайык жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 28-апрелден тартып Кыргызстан Россиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөө (төмөнкү эки ишкана) алынды. Эми "Аква Пром" жана "Тянь-Шань-Фиш" ишканалары Россияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине "Нурагрорыбпром" ЖЧК жана "Дары Природы" ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий