• 88.68
  • 95
  • 0.95

Борбордук Азия өлкөлөрү ичинен Кыргызстанда ичүүчү суу таза – Исаков

Коом 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Кыргызстандагы ичүүчү суу – коопсуз. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанда калкка берилүүчү суу Борбордук Азия өлкөлөрү арасында эң коопсуз деп саналат. Расмий маалыматтарга ылайык, ичүүчү суунун булактарынын 88%ы жер астынан чыгат. Алардын тереңдиги 300 метрге чейин жетет.

Акыркы жылдары өкмөт тарабынан калкты коопсуз таза суу менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүп жатат.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана агынды системаларын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана ошол стратегияны ишке ашыруу Планынын негизинде калкты таза суу менен камсыз кылуу, жашоо шарттардын сапатын жана ден соолукту жакшыртуу жана ошондой эле айлана чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу максатында ичүүчү суу жана агынды системаларын куруу, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Стратегияга жараша өлкөнүн 653 айылында анын ичинде 26 райондук борборлордо жаңы таза суу системаларын куруп жана оңдоо керек.

Пикир

Оставить комментарий