• 87
  • 90.41
  • 0.84

Боронов менен Кашкар Жунушалиев Солтон-Сары жайлоосундагы кенге жөнөп кетишти

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Мында алар ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.

Пикир

Оставить комментарий