• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Нарында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Нарын облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Нарын облусунун аймагында кечээ, 5-августта болжол менен саат 22:53тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында - 3 балл, Ак-Жар, Ат-Башы, Кызыл-Туу, Терек-Суу айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий