• 87
  • 90.41
  • 0.84

Боронов VI Кытай – Борбордук Азия кызматташтык форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Янчжоу шаарында «Жибек Жолу боюндагы цивилизациялардын биригүүсү жана өз-ара пайдалуу негиздеги кызматташтыкитын тереңдеши» темасында өтүп жаткан VI Кытай – Борбордук Азия кызматташтык форумуна катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Кубатбек Боронов КЭР Төрагасы Си Цзиньпин демилгечи катары саналган « Жибек Жолу экономикалык алкагы» долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул форум өнүгүү, коопсуздук жана жаратмандык сыяктуу жалпы максаттарга жетишүүдө күч-аракеттерди бириктирүү жана пикир алмашуу үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат. Биздин республика Кытай менен бардык өз-ара пайдалуу багыттарда кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө кызыкдар», - деп билдирди биринчи вице-премьер-министр.

Форумдун ачылыш салтанатына Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Туркмөнстан жана Өзбекстан Республикасы) өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий