• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Төрөбаев: Өнүктүрүү фонддордун жана мамлекеттик банктардын жетекчилери бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө активдүү катышууга милдеттүү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.22. /Кабар/. Өнүктүрүү фонддордун жана мамлекеттик банктардын жетекчилери бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө активдүү катышууга милдеттүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КРнын Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Бакыт Төрөбаев Координациялык кеңештин жыйындары жаңы бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу жана издөө мүмкүнчүлүгү катары эмес, Министрлер Кабинетинин жумушчу жыйынын өткөрүү катары кабылданып калды деп билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттик банктарынын жетекчилери бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө активдүү катышууга милдеттүү. Мен сиздердин демилгелериңиздерди жана сунуштарыңызды, ошондой эле, Долбоордук кеңсе жана Координациялык кеңештин Катчылыгы менен тыгыз кызматташууну күтөм”, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Өнүктүрүү фонддорунун жана коммерциялык банктардын жетекчилерине эки жумалык мөөнөттө “Билим Кенч” жеке менчик мектебин, “Кант шина кайра иштетүүчү заводун”, фармацевтикалык компаниялар “Фарма Нур” жана “Экобайк” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча негиздүү сунуштарды берүү тапшырмасын берди.

Бакыт Төрөбаев отурумду жыйынтыктап жатып, өнүктүрүү институттарына республикадагы макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иштелип чыккан долбоорлорду кароого жана алдыга жылдырууга активдүү катышууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий