Боронов: Жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу маселеси толук кандуу чечилди

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу маселеси толук кандуу чечилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, башында жер-жерлерде жеке коргонуучу каражаттар жетишсиз болуп жаткандыгы боюнча бир топ маселелер чыккан.

"Учурда бул маселе толук кандуу чечилип, коронавируска каршы күрөшүп жаткан баардык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгон. Аталган маселе Республикалык ыкчам штабдын күн тартибинде күн сайын каралып, мониторинг жүргүзүлүп турат. Эгерде кайсы бир региондо кандайдыр бир каражаттын запасы азайып жаткандыгы байкалса, анда тез аранын ичинде жеткирүү боюнча атайын иштер жүргүзүлүүдө", - дейт ал.

Боронов маалымдагандай, башка мамлекеттерден, ишкерлерден медициналык жеке коргонуучу каражаттарды алып берүү бюнча иштер жүрүп жатат.

"19-майга карата саламаттык сактоо уюмдарында 109 994 коргоочу костюм, 122 267 респиратор, 1 388 277 беткап бар. Жакынкы күндөрү Кытайдан кошумча дагы 30 000 респиратор, 30 000 медициналык көз айнек, 150 000 медициналык маска жана 100 000 ПЦР-тест гуманитардык жардам катары келди. Кечээ Иран өлкөсүнөн дагы гуманитардык жардам келди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий