• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бир айда чет мамлекеттерден 3 миң 531 жаран алынып келген

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Бир айда чет мамлекеттерден 3 миң 531 жаран алынып келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Боронов билдиргендей, учурда жарандарды башка өлкөлөрдөн алып келүү иштери улантылып жатат.

"17-апрелден 18-майга чейин, башкача айтканда акыркы 1 айдын ичинде 17 аба каттам жана 6 автобус менен 3 миң 531 жаран алынып келди. Акыркы 1 айда келгендердин арасынан 124 адамдан коронавирус аныкталды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий