• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери 16 млн малга эпизоотияга каршы эмдөө жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын 8 айында республика боюнча 15 млн 972 миң 900 баш малга ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы эмдөөлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- алдын ала эмдөөлөр – 14 714 400;

- диагностикалык изилдөөлөр – 783 100;

- дегельминтизация иштери – 475 400 баш малга жүргүзүлдү.

Ошентип, 2023-жылдын 9 айына бекитилген план 94%га аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий