Кыргызстанга Дүйнөлүк өнүктүрүү банкынын миссиясы келди

Экономика 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Кыргызстанга Дүйнөлүк өнүктүрүү банкынын миссиясы келди, деп билдирет КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн СӨПтүн вице-президенти Мамасадык Бакиров менен чет элдик делегациянын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр өттү. Анын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандагы экспорт жана импорт чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалга кызыгуусун билдиришти.

"Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу бизнеске колдоо көрсөтүү жана насыя берүү маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы ири долбоорлорду, анын ичинде энергетика, сууну тазалоо, ирригация жана айыл чарба тармактарын каржылоого даяр экендигин белгилей кетүү маанилүү. Бул демилге өлкөнүн инфраструктурасын узак мөөнөттүү өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн перспективаларды ачат, бул анын туруктуу өсүшүнө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий