БРИКС 2024. Кыргызстандын курамасы жалпы 51 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-23-июнь күндөрү Татарстандын Казань шаарында өткөн БРИКС эл аралык спорттук оюндарында Кыргызстандын курама командасы 51 медаль (2 алтын, 11 күмүш, 38 коло) жеңишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеште 100дөн ашык спортчу 14 спорттун түрүнөн (ушу-саньда, ушу таолу, самбо, каратэ-до, жеңил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, байдарка жана каноэ менен сүзүү, бокс, көркөм гимнастика, кураш, бел боо күрөшү, дзюдо, теннис) өлкө намысын коргоду.

Медалдык эсеп боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи.

Ал эми 1-орунга Россия (262 алтын, 141 күмүш, 99 коло), 2-орунга Беларусь (55 алтын, 85 күмүш, 107 коло) жана 3-орунга Кытай (20 алтын, 24 күмүш, 18 коло) татыды.

Эл аралык мелдешке жалпы 90 мамлекеттен 4751 спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий