Британияга Кыргызстандын аймагында визалык борбор ачуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана коммерция министрлиги Кыргызстандын аймагында Улуу Британиянын визалык борборун ачууну сунуштады.

Мындай сунушту бүгүн, 6-июнда эмгек министри Гүлнара Баатырованын Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулердин менен жолугушуусунда айтылды.

Эмгек министри британ тарап менен ар кандай багыттар боюнча кызматташуусунун натыйжалуулугун белгиледи.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын квотасы 8 миң адамга жетти. Программанын катышуучулары чакан ишканаларды ачуу аркылуу тапкан каражатын өлкөбүздүн экономикасына ийгиликтүү инвестициялоодо. Ошол эле учурда кыргызстандыктар үчүн бүгүн 6 ай болгон виза коридорун кыскартса болмок. Ошондой эле Улуу Британиянын визалык борборун Кыргызстандын аймагында ачуу кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт эле, анткени учурда Алматыда виза алуу кошумча 76 фунт стерлингди талап кылат", — деди Гүлнара Баатырова.

Жолугушуунун жүрүшүндө жумушчулардын бакубаттуулугуна, аларды жумушка алуу тартибине, жогорку акы төлөнүүчү кызматтарга тартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну, ишке орноштурууну жөнөкөйлөштүрүү маселелери көтөрүлдү.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушууну жыйынтыгында тараптар жемиштүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий