• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Британиянын ТИМ башчысы "Үркүн" мемориалына гүлчамбар койду

Саясат 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, кыргыз элинин тарыхына таазим кылды.

Британиянын кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, ал өзүнүн Кыргызстанга болгон иш сапарын 22-апрелде трагедиянын курмандыктарын эскерүү үчүн "Үркүн" мемориалына гүлчамбар коюу менен баштаган.

Аталган комплекстин директору Болот Абдрахманов министрге Үркүн жана "Ата-Бейиттин" тарыхы тууралуу айтып берди.

Белгиленгендей, Дэвид Кэмерон - Кыргызстан эгемендик алгандан берки тарыхында өлкөгө биринчи келген Британиянын тышкы иштер министри.

Пикир

Оставить комментарий